Тагыраагы, ИИМ структурасынын жетекчилери орун алмашты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
ИИМдин Башкы штабынын начальниги болуп Сталбек Күрөңкеев дайындалды. Ал буга чейин ИИМдин Күбөлөрдү мамлекеттик деңгээлде коргоо башкармалыгынын жетекчиси болчу;
ИИМдин Күбөлөрдү мамлекеттик деңгээлде коргоо башкармалыгынын жетекчиси болуп Сталбек Рахманов дайындалды. Ал буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгын жетектеп турган;
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгын Канат Жумагазиев жетектемей болду. Ал буга чейин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын жетектечү.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Ыманалы Саркулов дайындалды;
Жаңы жетекчилерди министрликтин борбордук аппаратына ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев менен анын орун басары Курсан Асанов тааныштырды.
Сүрөт: newtv.kg