Өзбекстанда КМШ жана аткаруу комитетинин тармактык өз ара аракеттенүү органдарынын өкүлдөрү экономикалык маселелер боюнча комиссиянын жыйынына катышышты. Жолугушуу Өзбекстанда бул өлкөгө быйылкы жылы КМШда төрагалык кылууга өткөндүгүнө байланыштуу өткөн.
Кыргызстандан ага КМШ экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы биздин өлкөнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Асанкожоева Зина Мукаевна катышты.
Өзбекстандын Россиядагы элчиси Ботиржон Асадов жыйын учурунда саламдашуу сөзү менен чыгып, катышуучуларга бул жылы КМШ өлкөлөрүнүн төрагалыгынын концепциясы жөнүндө билдирди.
Жолугушуунун алкагында катышуучулар мамлекеттер аралык инновациялык кызматташтык программасы шериктештиги өлкөлөрүнүн инновацияларды коммерциялаштыруу борборлорунун статусун берүүгө жана КМШ мамлекеттеринде товарларды электрондук идентификациялоо каражаттары менен маркирлөөнү колдонуу тажрыйбасына байланыштуу маселелерди талкуулашты.
Ошондой эле продукциялардын жана кызматтардын сапаты чөйрөсүндө жетишкендиктери үчүн КМШ сыйлыгын ыйгаруу жана келерки жылы шериктештиктеги архитектура жана шаар куруу жылына арналган иш-чаралар планынын долбоору жана башка маселелер каралды.
Аягында катышуучулар экономикалык маселелер боюнча комиссиянын кийинки жолугушуу күнүн аныкташты — ал февралдын ортосунда өтөт.