Өткөн жыйында өкмөт мамбюджеттен 309 млн сомду санариптештирүү чөйрөсүнө байланыштуу 60 долбоорду ишке ашырууга берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу маалымат боюнча Комитеттин төрагасы Дастан Догоев маалымат технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин басма-сөз кызматы билдирди.
Ал маалымдагандай, жаңы долбоорлор жана «Түндүк» тутуму кеңейет. Бул долбоорлордун бардыгы ушул жылдын аягына чейин бүтүрүлөөрү пландаштырылууда.
Догоев өлкөдө санариптик чечимдерди өнүктүрүү деңгээлине комплекстүү мониторинг жүргүзүү ишке ашырылды деп билдирди. Бүгүнкү күндө мобилдик тиркемелердин пайдалануучулары 1,2 миллионго жакын адам болуп саналышат, башкача айтканда жашы жеткен кыргызстандыктардын 30%. Бул республиканын жарандары жеке сектордун кызматтарын пайдаланат дегенди билдирет.
Ошондой эле Догоев белгилегендей, азыркы учурда «Түндүк» тутумунда 24 мамлекеттик орган өз-ара иш алып барууда.
«Санариптик технологияларды киргизүү үчүн, жарандар аны сезиши үчүн, башкача айтканда зарыл болгон факторлор: президенттин саясый эрки, ал маселени жеке көзөмөлүндө кароодо, премьер-министр дагы күндө көзөмөлдөйт», — деп баса белгиледи мамкомитеттин өкмөт башчысы.