Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ өткөн кеңири отурумунда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Казакстанда негизги багыттары Евразия экономикалык бирлигинде айтып өттү.
Бул-санариптик күн тартибин ишке ашыруу, эмгек ресурстарынын биргелешкен рыногун түзүү, деп белгиледи Жээнбеков.
Анын айтымында, Дүйнөлүк экономикалык ойлордун таасирине карабастан, Союз түзүлүү процесси токтотулбайт. Бүгүнкү күндө ЕАЭБ жигердүү өнүгүп жаткан интеграциялык уюм катары каралууда. Интенсивдүү өнүгүү багытын жоготпоо керек.
Ал үчүн мындан ары да ЕАЭБтин ишмердигинин эң маанилүү багыттарын тереңдетүү керек. Ушундай багыттардын бири-санариптик күн тартипти аткаруу.
“Бизде анын кээ бир жыйынтыктары бар. Ошондой эле келечекте бизнес-чөйрө, ошондой эле мамлекеттик секторлор үчүн биргелешкен санариптик механизмдерди түзүү керек. Биз 2025-жылга чейин ЕАЭБтин санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруу максатында мамлекеттин жана бизнестин жалпы аракеттерин баалайбыз. Бул өнүгүү жолунун контекстинде үстүбүздөгү жыл республикада аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыяланды, – деп белгиледи президент.
Сооронбай Жээнбеков
Бирликтин өнүгүүсүнүн экинчи маанилүү багыты-эмгек ресурстарынын рыногун түзүү экенин баса белгиледи.
“Пенсиялык камсыздоо тууралуу келишимге кол коюу ЕАЭБ эмгекчилеринин тең укуктуулугунун өбөлгөсү болуп каларына ишенем. Биримдиктин укуктук базасын модернизациялоонун жардамы менен кызматкерлер үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу боюнча ишмердүүлүктү улантуу керек деп ойлойм”, – деди президент.
Иш чаранын аягында Мамлекет башчысы саммитте үчүнчү тараптар менен мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары каралгандыгын белгиледи. Анын айтымында, бекем, ишенимдүү жана өнүгүп жаткан Союзду түзүү боюнча белгиленген максаттарга жетүү алдында болгон аракеттерди бириктирүү керек.