Кыргыз Республикасынын башчысы Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги сессиясына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма-сөз кызматынан билдиришти.
Бул отурум тар жана кеңейтилген форматта өткөрүлдү, анын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдүн президенттери ЕАЭБ аянтчасында мамлекеттердин интеграциясын андан ары кеңейтүүгө багытталган бир нече документтерге кол коюшту.
ЕЭК Коллегиясынын иштеп жаткан башчысы Тигран Саркисяндын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгынан улам, сессиянын алкагында коллегиянын жаңы төрагасы — Беларустан өкүлү Михаил Мясникович шайланган.
Андан соң көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Республикаларынын башчылары тарабынан формалдык эмес жолугушуу өткөрүлгөн. Ошондой эле, алар «1939-жылы Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы» аттуу тарыхый документалдуу көргөзмө менен таанышышты.