Кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын биринчи башчысы Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү өткөрүлдү. Жаңылыкты Элбасы расмий сайтында жарыялаган.
Маектешүүдө тараптар саясий, соода-экономикалык, ошондой эле маданий-гуманитардык жааттарда эки республикалардын ортосундагы өз-ара аракеттешүүнү күчөтүү тууралуу оң пикир алышкандыгы белгиленди.
Жолугушуунун катышуучулары аймактык багыттагы маселелерди да козгошту.
Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда, биринчи кезекте, эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана кеңейтүүгө даярдыгын бир добуштан билдиришти.