Мамлекет башчысынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, 4-апрелде, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан, төрт эм төрөлгөн, жаш үй бүлөгө белектер берилген.
Президент турак жай сатып алуу үчүн 2 миллион сомдук сертификат беришти, ошондой эле, эки, эгиздердин коляскасын белек кылышты. Президенттин атынан Президентинин аппараттын башчысынын орун басары, Алмаз Кененбаев тапшырды.
Мындан тышкары, кыргыз өкмөтү үй-бүлөнүн муктаждыгына 150 миң сом каражат бөлдү.
Белгилүү болгондой, ымыркайларды Сооронбай, Арууке, Акчолпон жана Акбермет деп ат коюшкан.
Ымыркайлар 31-32-жумада дүйнөгө келген, үч кыз 1 килограмм 470 грамм, 1 килограмм 400 грамм, 1 кг 420 гр салмактагы бала жарык дүйнөгө келген. бала 1 килограмм 705 грамм салмакта төрөлгөн.
Балдардын абалы биринчи 10 күн оор болгондуктан, алар атайын дем алуу аппаратынын жардамы дем алышкан. Алар дайыма медициналык көзөмөл астында болуп, керектүү медициналык жардам берилди.
Эскерте кетсек, 25-февраль, 2019-жылы Бишкек шаарында перинаталдык борбордо, Азамат Сманов жана Рысмат кызы Нурайымдын үй-бүлөсүндө төрт эм балдар төрөлгөн. Жубайлар үч жылдан бери кыдырып, батирде турушат. Ымыркайлардын энеси «Анкалайф» түрк борборунда тукумсуздукка дарыланганы белгилүү болду. Кош бойлуу учурунда да ушуд ооруканага көрүнгөн. Төрт эмдин атасынын билими орто, туруктуу жумушу жок. Анын айтымында, учурда курулушта иштеп жатат.
Ошондой эле иш-чарага Кыргызстандын вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жарандык өнүктүрүү, диний жана этникалык саясат, Президенттин Аппаратынан Назгүль Ташпаева жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдер катышты.
Сүрөт: kalys.media