Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков учурунда БУУнун 74-сессиясында Башкы Ассамблеясынын өзүнүн исландиялык кесиптеши Гудлёйгур Тор Тордарссон менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма-сөз кызматы билдирет.
Жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий жана экономикалык байланыштарды түзүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты. Ошондой эле, алар Кыргызстан менен Исландия ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү күчөтүү жана андан ары кызматташуу үчүн келишимдик-укуктук базаны түзүүнү талкуулашты.
Айдарбеков белгилегендей, кыргыз тарап Ирландия менен биргеликте экология, биотехнология жана энергиянын кайра калыбына келүүчү булактары тармагындагы бир катар долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенүүдө.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки мамлекеттин ортосундагы достук байланыштарды мындан ары да өнүктүрүү чечими кабыл алынды.