Москвада Кыргызстандын эмгек мигранттары “Аян” атында театралдык труппасын негиздешти. Бул тууралуу труппанын уюштуруучу Айнаш Козубаева билдирди.
Ошондой эле ал труппаны учурда Садыр Сагынбаев, белгилүү актер жана Кыргызстандын маданиятынын отличниги жетекчилик кылып жаткандыгын да белгилеп кетти.
«Садыр Сагынбаев азыр Москвада квалификациясын жогорулатуу үчүн келген. Ал бизди колдоп, биздин труппаны жетектөөдө. Ал биздин балдарды үйрөтөт. Труппада азыр 18 киши. Алардын баары 18 жаштан 35 жашка чейинки ар түрдүү Москвада иштеп жатышкан таланттуу жердештерибиз», – деди Айнаш Козубаева.
Азыркы учурда, “Аян” премьерага кызуу даярданууда.
Сагынбаевдин жетекчилиги астында Кыргызстандык актерлор Москвалык көрүүчүлөргө “Игры царя” аттуу пьесаны көрсөтөт.
«Биздин өзүбүздүн имаратыбыз жок. орун жок. Репетицияны ар кандай жерлерде өткөрүп келебиз. Азыр, жаштарыбыз жумуштан кийин түндөн таңга чейин кыргыз кафелердин биринде даярданышууда. Бирок биз буга да кубанычтабыз», — дейт Айнаш Козубаева.
Эскерте кетсек, буга чейин кыргыз мигранттары тарабынан Москвада “Супара”радиосу ачылган.
Сүрөт: 24.kg