Элдик дарыгер Хашим Зайналиевдин иши 21-январда каралат деп Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Соттук угуу Бишкекте, Жогорку сотто 9:30 башталат.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдиргендей, элдик дарыгер сотко алдын алуу иш-чараларына өзгөрүүлөр туурасында кайрылган эмес деп билдирди.Ал Бишкек шаарындагы,(СИЗО №1) сотко чейинки, убактылуу абакта кармалууда.
Эскерте кетсек, Зайналиевди, мыйзамсыз дарыгерлик кылуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси боюнча айыпталууда. Ал рак оорусу менен ооруган 5 жашар кызды айыктырууга аракет кылган. Анын өздүк ыкмаларынан кийин, кыз абдан оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул окуя коомчулукта катуу талкуу жараткан. Кыргызстандын тургундары, президент Сооронбай Жээнбековго жасалма доктурга кылмыш ишин козгошун суранып кайрылышкан.
Сүрөт: for.kg