Facebook коомдук желесинин колдонуучулардын бири видео жүктөгөн, ал Бишкектин көчөлөрүнүн биринде Кытайдын жараны ак джип менен тротуарда бара жатканын даана көрүүгө болот.
Тротуарда авто унааны токтотуп, видеого тартып жаткан адам, эмнеге жол эрежелерин бузуп жатасыңар, тротуарда балдар жүрөт го сураган. Айдоочу шашып жатканын жана жол жабык экенин айткан.
Видео коомдук желелерде терс кабыл алынып жатат. Айдоочуну издеп жатышат жана жакында териштирүү иштери башталат.
Сүрөт: adm-pravo.ru