Махачкалада 5-жаштагы кыз, үйдө жалгыз калып, терезени ачууну чечет, аз жерден бир өлүмдөн калат. Акыркы мүнөттөрдө эки эркек кармап калууга үлгүргөн.
Бул тууралуу «Комсомольская правда» билдирет.
Кыздын атасы жумушта болгон, энеси дукөнгө чыккан. ошондуктан кыз, өз алдынча терезени ачууну чечет, тайып кетип, бирок терезенин чекесин кармап калууга үлгүрөт.
Бул кыздын кыйкырыгына Махачкала шаарынын № 4 каттамдын айдоочусу Тагир Магомедов, ал бийиктикте 5-чи кабатта асылып турган кызды көргөн.
«Мен маршурткадан чыгып, карнизде араң асылып турган кызды көрдүм. Мен кыйкырып, балдарды чакырдым. Бир нече кадам нарыда, кафеде биздин балдар олтурган. Жардамга биздин диспетчер Айдемир келди. Анан брезент тосолу дегенбиз, бирок убакыт болгон жок», – дейт Магомедов «Комсомольская правда» берген маегинде.
Баатыр 5-чи кабаттан кулап бараткан кызды кармап калууну жумшарткысы келген, ал үчүн жана айдоочу үчүн коркунучтуу болгон.
Кыз жеңил жаракат алган: тизеси ооруксунуп жана териси кичине сыйрылып, көгөрүп кеткен жана чоочуп калган.
Дагестандын ИИМден билдиришкендей окуяга байланыштуу ата-энелер жазаланбайт, баатырга сыйлык берүүгө аракет кылышат.
Сүрөт: fishki.net