“Вечерний Бишкек” маалымат порталы, басып чыккан, Кемин районунун, Кызыл-октябрь айылынын жашоочулары суусу жок калышкан. Кабар агенттигинин кызматкерлери жергиликтүү тургундардын, жардам сурап, “чакыруу” жасашканын басып чыгышкан. Атын атабаган аялдын айтымында, президентке кайрылып, бирок, ушуга чейин эч кандай жооп болгон эмес.
“Саламатсызбы! Жаңы жылыңыз менен! Сиз бизге жардам бере аласызбы? Бизде өткөн жылдан бери, ичкенге суубуз жок. Кимге кайрылууну да билбейбиз. Президентке да жаздык, жыйынтык жок. Кемин районунун Кызыл Октябрь айылында суу кээ бир көчөлөрдө гана жок. Жоопкерчиликти Кемин таза суу ишканасы!” деп жазган, аноним кайрылууда.
Биздин редакция тарабынан кошумчалай кетсек, Президентинин Иш башкармасына кат жазган учурда, өздүгүн тактоого мүмкүн эмес, мындай кат аноним болуп, ал каралбайт. Ал эми жергиликтүү тургундарга таза суу менен камсыз болуусун каалайбыз. Албетте, эгерде маселе реалдуу болсо.
Сүрөт: vladtime.ru