Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 1-июлга чейин мурда берилген салык декларациясына айрым өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн экендигин билдиришти. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Ведомстводо мындан тышкары, мурунку декларацияда толтуруу маселелери бар экендигин маалымдады. Ушундан улам берилген маалыматтар менен күмөндүүлүк пайда болуп, тактап айтканда, активдер толук эмес көлөмдө чагылдырылды.
«Зарыл болгон учурда такталган декларацияны мөөнөтү аяктаганга чейин берүүгө мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды чакырабыз. 2019-жылдын 1-июлунан тартып МСК өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылы берилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларацияларын иштеп чыгууну жана талдоону баштайт. Белгилей кетсек, бул жылы 58 миң 365 Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бирдиктүү салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышкан», – деп билдирди Мамлекеттик салык кызматынан.