Бишкекте Кыргызстандагы сот-укуктук реформа өткөрүүгө тиешеси бар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн кезектеги жумушчу жолугушуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма-сөз борборунан билдиришти.
Бул жолугушуу президенттин аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиевдин тапшырмасы менен өткөрүлдү.
Жолугушуу алкагында орун алган тажрыйбалар, соттук-укуктук реформалардын ачык-айкындуулугун жакшыртуу, долбоорлордун кайталануусун болтурбоо, ошондой эле кабыл алуучу тараптын өнүгүү приоритеттерин урматтоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле, мамлекеттик органдар ортосунда сырттан жардам көрсөтүү маселелеринде ички макулдашууну өнүктүрүү, аны пландаштыруу, өлкөдө стратегияларга жана программаларга шайкеш келтирүү маселелери каралды.
Мындан сырткары, эл аралык жана донордук бирикмелер менен кызматташууну кеңейтүү, ошондой эле керектүү координациялык платформаларды түзүү маселелери талкууланды.
Мамлекеттик органдардын мүчөлөрү донорлор менен өнөктөштүк боюнча аткарып жаткан иштер, ошондой эле соттук-укуктук реформанын программасын аткаруу үчүн алардын ресурстарын тартуу тууралуу айтып беришти.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бул багыттагы координациялык аракеттерди өркүндөтүү боюнча көмөкчү чаралар аныкталды.