Эң эле алгач, көңүлгө ала турчу нерсе бул – курултайдын катышуучулары. Экиден үч бөлүгү “жарандык активистер” тагыраак айтканда өкмөттүк эмес уюмдардын мүчөлөрү болду. Мындайча айтканда, курултайда көпчүлүктү чет элден грант алып ошо менен жашаган чет элдик агенттер түздү. Ал эми калгандары мурда бийликтен шыпырылып түшүп калган, коррупциялык скандалдарда аты чыгып таанылган мурдагы чиновниктер болушту. Курултайды болсо мурдагы өткөөл учурдун президенти Роза Отунбаеванын жан жөөкөрлөрү, президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаев, УКМК нын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев.
Эң кызыгы, батышчылы күчтөр бул курултайды менчиктештирип, дайыма курултай чогултуп, элдин атынан сүйлөгөндү өздөрүнө алып алышты. Андан да кызыгы, курултайдын уюштуруучулары бул иш-чараны өткөрүүдө кеткен каражатты, курултайга катышкан катышуучулардан алышканын айтышты.
Демек, жөнөкөй карапайым айылда жашаган адамдар бул курултайга катыша алышкан жок. Бирок, коммерциялык упалоо эң коркунучтуусу эмес. Курултайга катышкан өкмөттүк эмес уюмдардын мүчөлөрүнүн көптүгүнө караганда бул иш-чараны АКШнын Мамдепартаменти каржылап өткөзгөнүн баамдасак болот. Ошондуктан чыныгы күчтүү оппозиционерлер бул курултайга катышпай коюшту окшойт.
Кызыгы, батышчыл күчтөр Сооронбай Жээнбековту далыдан таптап, бир жылдык ишин канааттандыраарлык деп табышканы менен, бир канча иштерди жасоого анын алдына шарт коюшту. Ошону менен катар эле, конституциялык эмес органдын мамлекет башчыларына койгон талап, шарттары неге аткарылышы керек таптакыр түшүнүксүз?
Андан дагы, курултайдагылар парламентти таптакыр эле күчсүз кылып көрсөтүштү. Жогорку Кеңештин иши канааттандырылган жок. А мунун өзү мамлекеттик түзүмдү талкалап, мамлекеттик системаны титиретүү болуп саналат. Конституциялык эмес орган өзүнө бүт бийликти алып, өзүнүн резолюциясынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча өкүлдөрүнө өзгөчө макам берүүнү да талап кылышты.
Батышчыл күчтөр, оюнду башкача жүргүзүштү. Алар бийликтин алдында куйруктарын шыйпаңдатканы менен өздөрүнүн талаптарын коюшуп, мамлекеттик түзүмдү бошотууга болгон жолду баштап коюшту.