ЖЧК «Квикпэй системасы» (Quickpay) MegaCom терминалы тарабынан жол кыймылынын эрежелери үчүн айып пулду кантип төлөөнү түшүндүргөн.
Буга чейин, көп кызмат колдонуучуларга терминал аркылуу айып төлөөдө MegaCom 30 сом өлчөмүндө комиссия алып келген. Мындан тышкары, терминалы тыйынды кабыл албайт болчу.
Компания MegaCom тейлөөдө кайтымын уюлдук телефонго кайтарып берүү механизми иштей баштаганын айткан.
«Эгерде кардар эсебинен көбүрөөк сумма төлөсө, кардарга кайтым уюлдук телефонуна кайтарылып берилет», — деди ал кызмат көрсөтүүчүлөр менен иштөө менеджери Бердибек кызы Жеңишгүл билдирди.
Терминалда уюлдук телефон номерди жазуучу атайын бөлүм да бар, кайтым кайтарылып бериши үчүн.
Сүрөт: vb.kg