Кыргызгидрометтен 24-январга чейинки аба-ырайы тууралуу маалымат.
18-январда Кыргыз Республикасында жаан-чачын күтүлбөйт.
19-январда Ош, Жалал-Абад, жана Баткен областтарында майда жамгыр, ал эми тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшөт. Башка аймактарды жаан-чачын күтүлбөйт.
20-январдан тартып Чүй, Ош, Баткен, Талас, Жалал-Абад жана Нарын областарынын тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде кар түшөт. Өрөөн жерлерде жамгыр күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман каптаган булут күтүлөт.
21-январда аймактардын басымдуу бөлүгүндө кар жаайт.
22-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Талас, Чүй, Ош жана Жалал-Абад областтарынын айрым жерлеринде туман каптаган булуттар болушу мүмкүн.
23-24 январда жаан-чачын болбойт. Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында кез-кези менен туман болушу күтүлүүдө. Абанын температурасы олуттуу өзгөрбөйт.
Сүрөт: sputnik.kg