Кара-Көл шаарында тургундар автоунаасын “БТА Банк”тын жанына токтошуп келген, алардын бири токтоп, кайра жүрбөй калган. Эркектер унаанын сынган жерин билгенче, банктан инкассаторлор жана милиция кызматкерлери чыгып. Унааны алып коюга буйрук берет, инкассатордун унаасы өтүшү үчүн, бирок жигиттер бул мамилени туура эмес кабыл алышкан.
Андан кийин, унаадан формачан эркектер чыга баштаган жана жергиликтүү тургундар менен урушуша кеткен. Ооз эки уруш учурунда, милиция кызматкерлери абага төрт жолу ок атышкан, анан унаанын дөңгөлөгүнө аткан. Кийин окуя болгон жерден кетип калышкан. Медициналык жардамга эркектер кайрылган эмес, эч ким жаракат да алган эмес. Жигиттер арыз жазуудан баш тарткан жана соттук-экспертиза жүргүзүүгө да макулдугун берген эмес.
Сүрөт: turmush.kg