Биздин өлкөдөгү шаарлар Башкы плансыз жана чаржайыт курулуп жатканын, министрлер кабинетинин жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Бүгүнкү жыйында өкмөт мүчөлөрү 2020-жылдан 2030-жылга чейинки мезгилге курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясын карашты, министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Премьер-министр белгилегендей, республиканын ИДП 29% түзгөн курулуш сектору эрежелер жана пландар жок иштеп жатат.
«Учурда башкы пландын жоктугу негизги көйгөй болуп саналат. Борборубуз чоң айылга айланды. Курулуш компаниялары имараттардын саны жана тышкы түрү жөнүндө чечим кабыл алат. Бишкектин борборунда өзүнүн колорити жок», – деди өкмөт башчы.
Анын айтымында, Кыргызстандын борбору башка шаарлардан да айырмалап турган өзгөчөлүк жок.
«Эгерде биз бул маселени мыйзамдык деңгээлде чечсек, биздин борбор келечекте кандай карарын так билип турабыз», – деп болжолдойт Мухаммедкалый Абылгазиев.
Бүгүнкү күндө берилген курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясына ондон ашык маанилүү багыттар киргизилген. Алардын негизгиси ченемдик базаны жөнгө салууга, курулуш тармагын санариптик трансформациялоого, шаардык курулушту өнүктүрүүгө тиешелүү. Ошондой эле ага энергия үнөмдөөчү ресурстарды жана заманбап технологияларды колдонуу жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо тармактары киргизилген.
Өкмөт башчы билдиргендей, стратегияны жарандардын жашоо шартын жакшыртуу, инвестициялык климатты жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн иштелип чыккан.