Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Солтонбекова Ализа Карыпбековна, Токтосартов Камалдин Акунович, Алыбаева Жаңыл Ишенбековна Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары болуп дайындалды.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирген.
Эске сала кетсек, аталган министрликтин мурунку орун басарлары чуу менен иштен кетишкен. Алар: Лунара Мамытова, Жылдыз Полотова, Зууракан Каденова.