Бүгүн, Финляндияда ири өлчөмдөгү акча уурдоо боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ММК маалыматтайт. Белгисиз мошенниктер серверди бузуп, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) ушул организациянын атынан, Финляндиянын МИДге 400 миң евро, Кыргызстандын өнүгүшүнө жардам сураган. Финляндия бул сумманы, Кыргызстанга жардам берип жатабыз деген ойдо которушкан.
Чиновниктерде шектенүү пайда болгондон кийин, мошенниктердин эсеби тоңдурулган. Бирок, укук коргоо органдары сумманын бир бөлүгүн кайтарып алышкан. Бирок 170 миң еврону уурдап алганга жетишишкен.
Азыркы учурда, Финляндияда териштирүү иштери жүрүүдө. Милициянын божомолу боюнча бул тоноонун артында, уюшкан кылмыштуу топ бар деп ойлойт. Финляндия Борбордук кылмыш полициясы үч кылмышкерди табышкан. Алардын аттары азырынча ачыкка чыкпайт. Кийинчерээк маалым болгондой, бул адамдар, алдамчылык жолу менен гана алектенет деп чыккан. 170 миң еврону ким алганы азырынча белгисиз.
Сүрөт: ivbg.ru