Борбордук хореография окуу жайынын мугалими Марипа Садыкбаева эмне себептен жаш бүтүрүүчүлөр өлкөдөн сырткары кетип жатканынын себебин айтып берди.
«Биздин хореографиялык окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү Минск, Москва жана Санкт-Петербургга кетип жатышат. Бул шаарларда аларга жашоо жана иштөө үчүн ыңгайлуу шарттар каралган. Ошол эле учурда Кыргызстандагы бийчилердин айлык акысы жакшы болбой жатат», – деп билдирди Марипа Садыкбаева.
Садыкбаева белгилегендей, биздин мекендештерибиз эл аралык мелдештерге болгон даярдыгын жогорку деңгээлин көрсөтүп жатат. Кыргызстандык бийчилер бир нече жолу Туркиядагы, Россиядагы жана Украинадагы конкурстарда байгелүү орундарды ээлешти
«Өлкөнүн өкмөтү таланттуу жаштарды колдоого алышы керек. Ошондо кыргызстандыктардын бийге кызыгуусу артат, биздин өлкөдө жаңы кесипкөй бийчилер пайда болмок, алар республиканы эл аралык деңгээлге алып чыкмак», – деп кошумчалады Марипа Садыкбаева.
Анын ою боюнча, советтер союзунун мезгилинде окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө материалдык жактан колдоо көрсөтүлүп келген. Аларга жатаканада бөлмөлөр берилип, жумуш орундарын сунуш кылышкан.