Кыргызстанда, азыр 10000ден ашуун баңгизатка көз каранды адамдар бар. Ички иштер министрлиги баңгизатка көз карандылардын маселеси негизинен өлүмгө алып бараарын билдирди. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча баңгизатка көз каранды адамдар, негизинен, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары деп эсептешет.
Кыргызстанда баңгизаттын эң жогорку көрсөткүчү 2011-2012 жыл болуп эсептелинет. Баңгизатка көз каранды адамдардын саны он миңден ашып кеткен, кийин 2013 жылы баңгизат колдонуучулардын саны 9000 кыскарган, 2013-2017 жылдары катталган баңгизатка көз-каранды адамдардын саны 8000 кыскарган. Кайра эле 2018 жылдан баштап баңгизат колдонуучулар көбөйө баштаган, ушул тапта баңгизатка көз-каранды адамдардын саны 9 миң 9500 гө жетет.
ИИМ жарандарды, өзгөчө жаштарды, эгер тааныштарыңыздын арасында баңгизатка көз-каранды адамдар болсо тездик менен милицияга кайрылыңыз же саламаттык сактоо органдары менен милдеттүү дарылоого дароо билдириңиз.
Сүрөт: altera-med.com