UFC уюмунун президенти Дэйна Уайт Хабиб Нурмагомедов кийинки беттеши үчүн 50 миллион долларга чейин гонорар алышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бир нече күн мурда Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азиз Хабибдин кийинки беттеши үчүн 50 миллион доллар гонорар алууга ниеттенип жатканын билдирген. UFC’нин президенти журналисттерге жооп берип жатып менеджердин айтканы мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин белгилеген.
“Албетте, 50 миллион долларга чейин гонорар алуу мүмкүн. Хабибдин командасы бул тууралуу билишет жана кандай жооп айтылары дагы белгилүү. Алар мындай өлчөмдөгү гонорарды талап кылууга толук укугу бар“, – деп билдирген Дэйна Уайт.
Белгилей кетсек, Нурмагомедов 6-октябрда UFC 229 турниринин алкагында Конор Макгрегорду жеңип, жеңил салмактагы чемпиондук титулун коргоп калган. Айрым маалыматтарга ылайык, анын беттештен алган гонорары 2 миллион долларга жеткен.
Азырынча Хабибдин кийинки беттешке ким менен чыгары белгисиз.