Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ Экономика министри Олег Панкратов Кыргыз бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө КР Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, «Атаандаштык жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө», «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жана «ыкчам-издөө иши жөнүндө» мыйзамдары талкууланган.
Талкуунун жүрүшүндө монополияга каршы органга текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн эскертүүсүз ыйгарым укуктарды берүү тууралуу пикирлер айтылды. Бул күтүүсүз текшерүүлөр республика тарабынан жүргүзүлүп жаткан ишкерлердин ишине кийлигишүүнү кыскартуу, ошондой эле инвестицияларды тартуу саясатына карама-каршылыктарды алып келет.
Жолугушуунун аягында тараптар Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишим менен карама-каршылыктарды четтетүүгө багытталган мыйзам долбоорунун ченемдерин гана жылдыруу чечимин кабыл алышты.
Сүрөт: april.kg