Ооганстандагы “Талибандын” башкы командири өлкөнүн түштүгүндөгү Гилменд провинциясында өлтүрүлдү. Провинциянын губернатору Мохаммад Ясин Хандын “Азаттыктын” ооган кызматына айтканы боюнча Молдо Абдулманан 1-декабрда Навзад районунда жүргөн аскердик операцияда дагы төрт согушкер менен бирге өлтүрүлдү.
Молдо Абдулманан “Талибандын” Гилменд провинциясындагы жооптуу адамы болгон. Анын жок кылынганын кыймылдын басма сөз катчысы Забиулла Мужахид бышыктады. Маалыматты АКШ аскерлери да ырастады.
Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн басма сөз катчысы полковник Дэйв Батлер “алар согушкерлери менен кол башчылары такай бутага алынганда кармашты күчөтө албай калышат” деди электрондук кат менен тараткан билдирүүсүндө. Ошондой эле америкалык полковник 17 жылдан берки ооган согушун токтотуунун “жалгыз жолу” сүйлөшүүлөр экенин белгилейт.
Кабулдагы аткаминердин пикиринде, “Талибандын” жогорку командирлеринин бири Молдо Абдулманандын өлүмү “жалпы эле коопсуздукка таасир этет”.
“Талибан” кыймылы 2014-жылы НАТО күчтөрү чыгып кеткенден кийин Гилменд провинциясында өз көзөмөлүн күчөткөн.
Азаттык