Бул тууралуу ооган расмий өкүлдөрү билдирүүдө.
Алардын маалыматына караганда, АКШнын аба соккусунан кеминде 30 жайкын тургун өлкөнүн түштүгүндө, Гилменд провинциясында мерт болду. Бул провинция “Талибандын” аймактагы таянычы деп саналат.
НАТОнун Ооганстандагы миссиясынын маалыматына караганда, Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү жана америкалык аскерий кеңешчилер 27-ноябрь күнү Гилменддин Гармсир районунда “Талибан” согушкерлеринин аткылоосуна кабылган жана абадан колдоо көргөзүүнү суранышкан.
Бирок жердеги күчтөр атышуу жүргөн аймакта жайкын тургундар болгонун билген эмес.
Гилменд провинциясынын губернатору Мухаммад Ясин Хандын айтымында, Гармсир районунда ооган аскерлеринин өтүнүчү менен жасалган аба соккудан “Талибандын” 16 согушкери мерт болгону аныкталды, ал эми жайкын тургундар арасынан өлгөндөр саны али такталып жатат.
Гилменддин провинция кеңешинин башчысы Атахулла Афгандын билдиргенине караганда, аба соккудан жайкын тургундардан кеминде 30 киши мерт болду. Ушундай эле санды Гилменддин провинция кеңешинин депутаты Абдул Вадод Попул дагы маалымдады.
Улуттар уюму өткөн айда быйылкы жылдын тогуз айында эле аба соккулардан мерт болгондор саны 2009-жылдан бери бир жыл ичиндеги көрсөткүчтөрдөн көп экенин билдирген.
Гилмендде аба соккудан жайкын тургундардын өмүрү кыйылганы тууралуу кабар Швейцарияда донорлордун Ооганстан боюнча эл аралык конференциясы өтүп жаткан учурга туш келди.
Ал конференцияда, 28-ноябрда президент Ашраф Гани ооган бийлиги “Талибан” менен тынчтык келишимге жетишүү максатында жол картасын даярдап, сүйлөшүү жүргүзүү үчүн он эки кишиден турган топ түзгөнүн жарыялаган.
Азаттык