№36-шаардык клиникалык ооруканада жаткан Талас Турдубаевге Москвада иштеп жашап жаткан мекендештери жана жердештери 54 миң рубль акчалай жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу бүгүн, Super.kg сайтына анын тууганы Арзымат Мырзабеков билдирди.
“Анын оор абалын уккан Москвадагы мекендештери, жердештери финансылык колдоо көрсөтүштү.
Кечээ, 28-октябрда ооруканага Талас облусунун “Ынтымак” коомунун өкүлдөрү жардам катары 34 миң рубль акча каражатын тапшырып кетишти. Ошондой эле Москва шаарында эмгектенген мекендештер да каражат чогултуп беришти. Учурда жалпы санынан 54 миң рубль чогулду. Бул каражатка Бишкекке билет сатып алабыз, ашканы дарылануусуна жумшалат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, агамдын абалына кайдыгер карабаган жарандардын баарына ыраазычылык билдиргим келет. Бир жыл бою таппай жүргөн тууганыбызды сиздер аркылуу таап алдык. Учурда элдин жардамы менен жакындарына барганы турат”, – деди Мырзабеков.
Эске салсак, SUPER.KG порталына Москва шаарындагы ооруканалардын биринин нейрохирургия бөлүмүндө башынан оор жаракат алган Кыргыз жараны 2,5 айдан ашык убакыттан бери жатканын билдиришкен. Оорукананын кызматкери дарыгерлер бейтаптын туугандары табылбаса ага медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу маселеси каралып жаткандыгын айткан. Кийин бейтаптын туугандары ооруканага байланышка чыгып, Москвага барышкан.