Казакстандын Атырау облусунда чек арачыга кол салган адам кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы шейшемби күнү билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 10-ноябрда казак-орус чек арасындагы «Сазды» тозотуна мамлекеттик чек арага жакын жерде шектүү адам жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүүгө барган чек ара күзөтүнүн кызматкери шектүү адамдан рюкзагын көрсөтүүнү талап кылышкан.
“Бирок ал бычак менен чек арачыга кол салып, жарадар кылган. Өзүн коргоо максатында офицер табелдик куралдан ок аткан”, – деп айтылат Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө.
Азырынча кармалган адамдын аты-жөнү жана жарандыгы айтылган жок. Учурда жарадар болгон шектүү менен чек арачы ооруканада. Хирургия бөлүмүндө жаткан офицердин абалы канааттандыраарлык деп бааланууда. Бул факты боюнча тергөө иштери башталды.