Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду ишке кирген төрт жылдан бери ири, орто жана кичи 1611 долбоорду каржылады. Бул тууралуу аталган фонд кабарлады.
Жалпысынан 287,2 млн доллар насыя берилди.
Каржыланган долбоорлордун 55% айыл чарба, өндүрүш жана кайра иштетүүгө багытталган. Фонд насыяларды 13 коммерциялык банк аркылуу берип келет.
Фонд 2014-жылы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киришинин алгачкы этабындагы интеграция процесстерине көмөк көрсөтүү максатында Орусиянын жардамы менен түзүлгөн. Фонддун уставдык капиталы 500 млн доллар түзөт, жалпы 1 млрд доллар бөлүнөрү кабарланган.
Быйыл жыл башында Жогорку Кеңештин айрым депутаттары фонддун иши бюрократташып кеткенин сынга алып, анын ишмердүүлүгүн текшерип чыгууну демилгелешкен.