Орусиянын президенти Владимир Путин Керч кысыгы боюнча Пётр Порошенко менен сүйлөшүүдөн баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Порошенко France 24 телеканалына берген маегинде Орус-Украин мамилеси тууралуу Владимир Путин менен сүйлөшүүгө аракет кылганын айтты.
Порошенко Керч кысыгы боюнча Путин менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. “Мен телефон аркылуу сүйлөшүүнүн бардык форматына даярмын. Бирок Путин сунушту жоопсуз калтырды” деди Порошенко.
Украин президенти Орусия Керч кысыгы боюнча маселеде эл аралык укуктук нормаларды бузуп жатканын кошумчалады.
Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков да Порошенко тарабынан сүйлөшүү сунушу келгенин айтып, бирок ал орундалбаганын белгиледи.
25-ноябрда Орусия Украинанын 3 кораблин “мамлекеттик чек араны бузду” деп колго түшүрүшкөн. Кораблда болгон 24 адам тең сот тарабынан 2 айга камакка алынган. Украина муну “агрессия” деп атады.