Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп президентин буйругу менен Аликбек Жекшенкулов шайланды, мындан алдын чет-эл иштери боюнча министири болчу.
Аликбек Жекшенкулов GovoriTV га берген маегинде, тез арада Москва шаарына сапар алышын кабар берет. «Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга визити пландаштырылып жатат. Бул биздин өлкөбүзгө өтө маанилүү визит. Эки өлкө үчүн, эки лидердин көз-карашы жана түшүнүгүнун чоң таасири бар. Орусиянын өлкөгө болгон барктуулугу боюнча Сооронбай Жээнбековдун түшүнүгү бар, өлкө үчүн Кыргызстан жана Орусиянын ортосунда болгон өнүгүүгө чоң маани берет, жана эки өлкөнүн ортосунда болгон мамилеге жаңы ипульска умтулат», деп кошуп кетти.
Маекте элчибиз, Владимир Путиндин келишин 2019 жылдын март айына пландаштырылганын айтты. Жанан ошондой эле, февраль айында Орусиянын эл-аралык министири Сергей Лавровдун расмий келүүсү болот жана өлкөлөр аралык комиссиянын жыйыны болушун айтты.
Сүрөт: Kabar.kg