Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынан жакынкы келечекте кызамыкка каршы жүз миң доза вакцина акысыз негизде берилет. Бул тууралуу Роспотребнадзордун башчысы Анна Попова айтып берди.
«Жүз миң доза кызамыкка каршы вакцина өндүрүүнү Мамлекеттик илимий борбордун «Вектор» Роспотребнадзор Кыргызстанга көмөгү менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн атынан берүү ниетинде. Үстүбүздөгү жылдын башында Беларусь Республикасына ушундай эле жардам көрсөтүлгөн», — деп маалымдады
Попова ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыкты камсыздоо менен алектенген жетекчилеринин кеңешмесинде.
Ал белгилеп өткөндөй Россия Федерациясында кызамык менен ооруу абалы азырынча көзөмөлдө.
«Роспотребнадзордо чет мамлекеттерге бул оорунун жайылышына каршы туруу боюнча жардам көрсөтүү программасы кайра жандандырылды. Адистер өнөктөш-мамлекеттердин өкүлдөрүнө окуу өткөрөт, ошондой эле алар кызылча жана кызамыктын вирустарын лабораториялык диагностикалоого жана генетикалык талдоого жардам берет. Орусия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Россиялык вакцина өлкөлөрүн өткөрүп берүү жүргүзүлүүдө», — деп түшүндүрдү Попова.