Орусиядагы Түндүк-Кавказ аймактык аскер соту кыргызстандык Акрамжон Абдуллаев менен Немотжан Исроиловду террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө аралашкан деп таап, узак мөөнөткө эркинен ажыратты.
Бул тууралуу Интерфакс басылмасы соттун басма сөз кызматына таянып жазды.
Анда кыргыз жарандары Абдуллаев 15 жылга, Исроилов 13 жылга эркинен ажыратылганы маалымдалат.
Аларга Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205.1- (террористик ишмердүүлүккө катыштыгы бар) жана 205.5-беренеси (террористтик топторду уюштуруу жана анын иштерине катышуу) боюнча айып тагылды.
Тергөө органдарынын маалыматында эки кыргызстандык жаран 2015-жылдан бери өлкө аймагында тыюу салыган “Хизб ут-Тахрир ал-Ислам” уюмуна мүчө болуп, Севастополдо идеологиясын жайылтып келген. Алар башкаларга үгүт жүргүзүү үчүн бул тыюу салынган уюмдун идеологиясын ийне жибине чейин изилдеп чыгышкан.
Бул маалымат боюнча азырынча Кыргызстандын укук коргоо органдарынан маалымат алууга мүмкүнчүлүк болбоду.
Азаттык Медиа