Кара-Кулжа аймагында убактылуу, жолдордун бири жабылды. Бул тууралуу, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматы боюнча, катуу шамаалдын кесепетинен айрым айылдардын Ылай -Талаа – Шаркыратма жолунда кар көчкүсү пайда болгон.
Кырсыктарды алдын алуу үчүн, айыл өкмөттүн башчысы жолду белгисиз мөөнөткө жапты. Жолдорду тазалоо үчүн Бульдозерлер алынган: 15-январда 3,5 км жол тазаланды, азыркы учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.
Сүрөт: turmush.kg