Милиция кызматкерлери салык кызматкери Maматшүкүр Алимовдун сабалышы тууралуу маалыматты текшерип баштады.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, шектүү буга чейин дагы ар кандай уруш-жаңжал чыгарып, коркутуп келген деп билдирди.
«Бул факт боюнча ОВДга эч кандай арыз түшкөн эмес. Ош облусунун кылмыш иштер ОВД кызматкерлери маалыматты текшерүү иштерин баштады», – деп Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы, Жеңиш Аширбаев билдирген.
Эске сала кетсек, 1-февралда Юсупов айыл өкмөтүнүнүн тургунун жумушка бара жаткан жеринен, бейтааныш эркек киши, алдынан чыгып, муштумдары менен себепсиз сабап кеткен.
Жабырлануучунун туугандары тышкы белгилери боюнча бир нече жолу мушташ, жана чыр-чатактарга тиешеси бар күнөөлүүлүнү аныкташкан.
Бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Күнөөлүү азырынча эркиндикте.
Сүрөт: 24tv.ua