Ош облустук төрөт үйүндө он алты жаштагы кыз төрөп, чыгып кеткенин төрөт үйүнүн башкы дарыгери Гүлбайра Нургазиева билдирди.
Анын айтымында, кыз төрөт үйүнө келгенде жашын жашырып, улуулатып айтып койгон.
“Кыз алгач түшкөндө нөөмөтчү дарыгерлерге 2000-жылы туулгам деп айтып коюптур. Чыгарып жатканда паспортун сурасак, апасы туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып келип берди. Кыз 2002-жылы туулган экен, он алты жашка эми чыгыптыр. Анан бул жөнүндө биз милицияга кабар бердик”,- деп кабарлады.
Дарыгердин маалыматы боюнча, жаш эненин да, жаңы төрөлгөн ымыркайдын да саламаттыгы жакшы.
Милиция бул факты боюнча иштеп жатканын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматтар боюнча жашы жете элек кыз төрөгөн учур облуста быйыл алгачкы жолу катталды.