Ошто “өз атасы тарабынан зордукталды” делген 8 жаштагы кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын кыздык белгиси бар экени аныкталды.
Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда облустук милициядан маалымдашты.
“Учурда дайындалган комплекстик соттук-медициналык экспертиза толук чыга элек. Алардын биринде өспүрүмдүн кыздык белгиси бузулбаганы белгилүү болду. Учурда кыз ооруканада тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Аны менен дарыгерлер, психологдор иштеп жатат. Алардын чыгарган тыянагына ылайык, кызга атасы тарабынан ыплас аракеттер жасалганы же жасалбагандыгы аныкталат. Ал эми мыйзамдуу өкүлүнүн (апасынын) катышуусунда кыз суракка алынганда, апасынын айткандарын кайталаган. Ошол себептен улам ага комплекстүү экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгы 2-3 күндүн ичинде чыгат“, – деп маалымдашты милициядан.
Эске салсак, Ош шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борборуна 3 балалуу келин алып келинген. Келиндин 8 жаштагы кызы өз атасынан сексуалдык зордук-зомбулук көрүп жүргөнүн борбордун башчысы Дарика Асилбекова билдирген.