Афганистан Ислам Республикасындагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынан гумжардам жеткирилип берилди. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын басма-сөз бөлүмүндө айтып беришти.
Медкызматкерлер ошондой эле жергиликтүү жашоочуларды медициналык кароодон өткөрүшүп, төрөткө жардам жана катуу оорулуу адамдарга шашылыш жардам көрсөтүштү.
Экспедиция тарабынан азык-түлүк, жылууланган үстүңкү кийим, жылытуучу приборлор, дары-дармек каражаттары, мед буюмдар жана башка каражаттарды биринчи кезекте зарыл болгон жеткирилди. Бул иш-чарага Кыргызстандын министрлер кабинети беш миллион сом бөлдү. Жалпысынан алганда, жүк салмагы 70 тоннага жетти.
Ошондой эле гуманитардык миссиянын өкүлдөрү Памирдин калкы менен жолугушуулар өткөрүшкөн. Жолугушууда өлкөбүздө балдарды окутуунун аспекттери каралды. Кыргызстан тарап бул багытта колдоо көрсөтүүгө ниетин билдирди.
Памир кыргыздары өлкө жетекчилигине, ошондой эле кыргызстандыктарга жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.