Колунан акырындап дүйнөлүк гегемония кетип бара жатканын сезген АКШнын акыркы кыймыл аракеттери, кышында муз алдынан балык кармаган балыкчынын же болбосо суу алдына акырындап чөгүп бараткан унаанын кыймыл аракетин элестет.
Таажысы башынан түшүп, бийлиги начарлаганын алдын алуу үчүн АКШ жан талашып, өзүнүн конкуренттерине көйгөй уюштурмай менен алек боло башташты. Алардын бул аракети күн сайын, кандай гана маалыматтык соуска малып беришпесин, ар бир жаңылыктан билин калууда деп жазат «Московский комсомолец«.
«Мындай башаламандыкты токтотууга кез келди»
4 нөн 5-ноябрга караган түнү Таджикстандык Хорогдо милицционерлер менен жергиликтүү тургундардын атышуусу болду. Бир караганда бизге эч кандай тийешеси жок, жөн гана бир окуя. Бирок, андай эмес. Бул окуяга көңүл буруу кажет.
Себеби…
Хорог шаары — Тажикстандын Тоолу-Бадахшан автономдук облусунун административдик борбору (ТБАО). Бул жер ансыз өтө эле алсыз чек ара тизмегинин эң начар ахыбалда калган тилкеси. Облус Памирдин тоолу аймагында жайгашкан. Бул жер аркылуу Афганистандан Тажикстанга өтүүчү жалгыз жол бар. Так ушул жол аркылуу Афганистандан Тажикстан, андан ары Казахстан, акыры Оруссияга келүүчү наркотрафик так ушул жол менен келет.
Ал эми Тоолу-Бадахшан облсусунун формалдуу эмес башкаруучулары булар – наркокартелдин жергиликтүү башчылары. Буга чейин Тажик бийлиги бул жердеги көйгөйлөргө көп көңүл бурбай келген. Эгерде бул жердеги көйгөй бир гана Тажикстанга тийешелүү болсо, балким анда сөз кылынмак эмес. Бул жердин көйгөйү бир канча өлкөлөргө таасир бергенден улам маселе көтөрүлө баштады.
Көйгөй Афганистандан башталат. 20 жылдан бери АКШнын аскерлери бул жерди көзөмөлгө алып, кайтарып турганы менен наркотикти өндүрүү жана терористердин көбөйүшү азаймак турсун, тескерисинче көбөйүп, жыл өткөн сайын уламдан улам күчөп баратат.
Терористер жөнүндө биз дагы сөз кылабыз. Азырынча наркотик жөнүндө сөз болсун. Баңгизатты өндүрүү 2001-жылдан тарта, Америкалыктар Афганистанга келгенден бери, 40 эсеге өскөн. Азыркы күндө бул көрсөткүч дагы өсүп, албетте баңгизатты экспорттоо дагы ошончо эсе өсүүдө.
Баңгинин бир канчасы, тагыраак айтканда көлөмдүү бөлүгү Европага да жетүүдө. Бирок, өндүрүлгөн баңгинин негизги бөлүгү КМШ өлкөлөрүндө кала берет.
Жакында өткөрүлгөн КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын жолугушуусунда, бул маселе негизги болуп, Тажикстандын президентине бул башаламандыкты токтотууга кез келгенин айтышып, кеңеш берилген.
Саммиттен кийин Эмомали Рахмон Хорог шаарына барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, андан соң облустун жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Жыйында президент милициянын ишин күчтөп, жолдо өткөрмө постторун көбөйтүп, Афганистандан кирип аткан наркотрафик жана башка жүктөрдү токтотууга тапшырма берди. Эгерде кырдаал өзгөрүлбөсө облуска армиянын бөлүгүн жайгаштыраарын убада кылды. Ал эми Хорогдо, ТБАОнун коопсуздугун кароо боюнча күч кызматкерлеринин ишин жакшыртуу үчүн бөлүмдөр аралык штаб түзүлдү.
Күтүлгөндөй жооп болду
Кабыл алынган бул иш-чаралар, күткөндөй эле жергиликтүү караларга жакпай калды. Ноябрдын 4 нөн 5 не караган түнү курал жарактар менен куралданган топ, Тажикстандын ИИМнин ОМОН кызматынын генерал-майору Хуршед Мухаммадзода, башкарып келе жаткан кайгуул кызматкерлеринин унаасына ок чыгарышкан. Генерал аларга карата каршы ок чыгарып, кол салгандардын экөөсүн жарадар кылган.
Ал эми эртеси күнү ТБАО административтик имаратынан алдында заматта митинг уюштурулуп, митингде жүргөндөрдүн арасында Тажикстанда иштеген батыштык өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү байкалган. Чогулган жергиликтүү тургундар, салтка айланып калгандай, адам укуктарынын бузулгандыгы тууралуу кыйкырышып, жергиликтүү коопсуздукту сактоо боюнча уюушулган күч кызматкерлеринин аракеттерине каршылыктарын билдиришип, ок аткан милиционерди жазага тартуу керек экендигин талап кылышкан.
Официалдуу штабдан өкүлү билдиргендей, митингге түрткү болгон провокациянын башында Хурсанд Мазоров — деген неформалдуу лидерлердин бири болгон. Бул митингдин максаты ТБАОдо абалды эскалация кылуу болгон.
Мындан тышкары, ал өкүлдүн айтуусу боюнча Тажик-афган чек арасында, өткөрүүгө даярдалып коюлган, курал жарак жана баңгизаттар бар экендиги маалым болгон. Жакында пайда болгон өткөрмө посттор алардын жолуна тоскоол болуп калган. Кандай гана кол салуу же болбосо мыйзам бузуучу окуялар орун албасын, сөзсүз түрдө курал колдонуу менен катуу жооп болоорун дагы билдирди өкүл.
Кара полковник
Жогоруда айтылган генерал-майор Хуршед Мухаммадзода ОМОНдун башчылыгына 2015-жылы Гулмурод Халимов аттуу ОМОН башчысынын өлкөдөн чыгып, Ислам мамлекети терорристик уюмга кошулуп кеткенден кийин келген. Гулмурод Халимов Тажикстандын ИИМнин академиясын аяктап, Оруссиянын антитерорристик борборлорунда тажрыйба алып, АКШнын аскердик базаларында стажировка өткөн. Тажикстандагы жарандык согушта тажрыйба топтоп, тактикалык, методикалык жактан партизандык согушуу боюнча чоң тажрыйбасы бар.
Мындай чоң тажрыйбасы жана билими бар тажик полковниги псевдохалифаттын короосунда көзгө басар кишиге айланып, Оруссиялык күчтөрдүн авиасоккусунан каза болгон Абу Умарааш Шишани (Тархан Батирашвили) ордуна согуш министри болуп шайланган. Тажик рессурстарынын маалыматы боюнча, алты ай мурун, америкалык атайын кызмат, Халимовту Сириядан Афганистанга өткөрүшүп, Халимов учурда 6 миң кишиден турган терористердин армиясын башкарып калган.
Маалыматка ылайык Ислам мамлекети терористик уюмунун башчысы Абу Омар Аль-Багдадинин буйругу менен Халимовту Хорасан вилаятынын башчысы кылып бекитилген. Алардын планы боюнча, Афганистан, Пакистан, Ирандын чыгыш аймагы, толугу менен Орто Азия, Казахстан, жана Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районун басып алуу керек.
Тажик «Ахбор» жаңылыктар порталынын маалымдагандай, учурда Халимов Тажикстанга кол салууга даярданууда, анын ТБАОдо «уктап» жаткан явейкалар бар экендигин кабарлайт. Кыргыз гезити «Дело №» оппозициалык Тажикстандын конструктивтүү күчүнүн Дододжон Атовуллоевдын сөзүн келтирип, анда Халимов учурда тажик-афган чек арасын кезип өтүүгө даярданып жатканын жазат.
«Халимовдун эмиссарлары, алардын айтуусу боюнча, Оруссиянын тажик мигранттарынын арасынан Халимовтун армиясына жаңы кишилерди тартуу боюнча иш алып барып жаткандыгын айтышат. Менин маектештерип Гулмурод Халимов Афганистанда көптөгөн кайтаруучу күчтөр менен кошоп жүрүп, андан афгандык талаа командирлер дагы коркуп калышкандыгын айтышууда» — дейт Атовуллоев.
Орто Азиядагы Косово
Кырдаал боюнча ой бөлүшүү үчүн биз Марс Сариевти чакырдык.
ТБАО — бул майкөл сүткөл жер, бул жер аркылуу көп жылдан бери наркотрафик өтүп, жергиликтүү элиталар пайда табышат. ТБАО – бул Тажикстандын өзгөчө аймагы. Бул жерде толук тажик эместер жашашат. Бүгүнкү бул жерде кырдаал өтө оор. Анткени, Сириядагы согуш кампаниясы аяктап, акырындык менен Сириядан Афганистанга согушчандар которулуп атат. Аларды эч кандай белгиси жок тик учмалар менен өткөрүп атышкандарын официалдуу кишилер да бир канча ирээт кабарлашкан.
Халимовтун Тажик чек арасына жакын жерде пайда боушу, Батыштын Орто Азияда чыр чыгаруу боюнча план «Б» деген экинчи планына өткөнүн кабарлайт. Өзбекистан бул жаатта күчтүү. Анын түштүк чек арасын кайтарган күчтүү армиясы бар. Ошондуктан ТБАО аларга эң ыңгайлуу аймак.
Ал жактан Кыргызстандын Баткен облусуна, андан ары Фергана жана Андижанга жол ачылат. Ал эми Андижанда андижан окуясынан ызырынып калган жашоочулар бар.
— Эмнеге план «Б»? Бул эмне болгон план?
— Оруссияны титиретүү АКШнын колунан келген жок. Кытай менен Оруссиянын мамилесине да жолтоо боло алган жок. Орто Азияда демократия оюндары да түшүм берген жок. Бул жерде Грузия жана Украинадай демократиянын «очогун» түзө алышкан жок. Сирияда болсо утулуп калышты. Украиналык конфликт болсо, жай агымга өтүп алды. Көптөгөн эксперттер эгерде АКШ өз максатын Украина менен Жакынкы чыгышта ишке ашыра албаса, кийинки «очок» Орто Азия болоорун мурдатан эле айтып келишкен. Мына ошондуктан бул план «Б». Региондо ызы чуу башталышы керек. Булардын азыркы жолун бууган бир гана Талибан болууда. Алардын оюу боюнча ИМ алардын жерин басып киришкен. Ошондуктан алар каршылык көрсөтүп атышат.
Халимов жоокерлери менен Афганистанда пайда болушу ушу менен байланыштуу болушу мүмкүн. Ал «Талибан» боюнча маселени чечиши керек. Радикалдуу согуш менени же сатып алуу мененби иши кылып чечиши керек. Бул сценарий көптөн бери эле ойлонулган. Маселе качан ушул багытта чоң оюнчулар иш баштаарында гана болчу.
— ТБАОдогу окуяларды бул сценарийдин башталышы десек болобу?
— Бул провокацияны атайын элди дүрбөтүш үчүн уюштурушту. Анткени ал жактагы кырдаал буга түрткү болуп берди. Себеби, ал жактагы жергиликтүү элиталар, наркотрафиктен пайдалары азайып, анан дагы өз баштарына өздөрү ээ боло албагандай абалга келип калышкан. Ошондуктан алар каршы чыгышты. Бул жактан Косово жана Чыгыштагы курдтар менен салыштыршса болот. Косовонун Европадагы ролун жакшы билебиз. Ал эми курдтор чыгыштагы жөн эле олжого коюлган эт болуп калды. Эгерде тоолу бадахшандын жергиликтүү лидерлери чоң оюнда алар жөн гана пешка экендиктерин түшүнбөсө, анда тоолуу бадахшандыктар Орто Азиядагы курдтор дун ролун аткарып калышаарын билүүлөрү керек.
— Туркменистан бул жаатта эң алсыз өлкө эмеспи?
— Эгерде боевиктерди Туркменистанга киргизип ийишсе анда, башкаруусуз хаос башталышы мүмкүн. Боевиктер өздөрүнүн джихадамобилдерге отуруп алышып, Түркмөн чөлү менен Казахстанга чейин кирип кетишээри мүмкүн. Алар кайра кантип табасың?. Анан дагы Европалыктар каалаган газ жана нефти уюктар талкаланып, калышы ыкытымал. Аны болсо батыш каалабайт, ал жерлерди алар өздөрүнө калтыргылары келет
Тажикстан баш маселе. Тоолу жерде боевиктердин кыймыл аракетин тосмолоп турса болот. Бир оону тосуп, боевиктерди каалаган багытына бура алышат. Чоң оюнчуларга ушул керек.
— Кандай жооптор болуп атат?
— Албетте, ОДКБнын бириккен күчтөрү жөн отурган жок. Алар дагы кырдаалды байкап көз салышууда. Өткөн КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жолугушуусунда., эгерде Тажикстан жана Түркменистанга кандайдыр бир коркунуч болсо, Россия жана КМШ өлкөлөрү кандай гана техникалык жана аскердик жардам болбосун, чогулуп жардам көрсөтүшүү боюнча келишим түзүштү.
Казахстан, Узбекистан жана Россия регионго боевиктердин киришине каршылык көрсөтүү боюна жол картасын кабыл алышты. Чогуу машыгуу өткөрүшүүдө. Жакында Кыргызстанда «Искандерди» жер багытындагы душмандык чекиттерине карата атуу боюнча текшерүү болду.
Мындан кийин Сирияда талкаланууда калган ИМдин топторун Афганистанга АКШ эмнеге алып өткөнүн боолголосо болот. Деп жазат Дело № гезити.
уландысы бар..