Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жана президенттин аппаратынын кызматкерлеринин ишембилиги “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде өткөн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы билдиргендей президент менен анын жардамчылары «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде жалпы аянты 2 га таштандыларды тазалашкан. Эске сала кетсек, комплекс 2000- жылы 30-жылдагы репрессиядагы курмандыктарга эскерүүнүн урматына курулган.
Алгач куран окулуп, андан соң комплекстин айланасы тазаланган.
Сүрөт: 24.kg