Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, президенттин кеңешчиси Дастан Догоев менен жолугушту.
Алар республиканы санариптештирүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу бүгүн Дастан Догоев журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.
Догоев президентке азыркы учурда «Түндүк» тутумуна 60 мамлекеттик орган техникалык жактан кошулган, бирок алардын ичинен 24 гана маалымат алмашат.
Мамкомбайланыштын төрагасы белгилегендей, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы, ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу, жарандарга жана ишкерлерге чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматты жеткирүүгө өзгөчө басым жасалаарын билдирди.
Догоев талкуунун жыйынтыгы боюнча Президент бир нече тапшырмаларды берди деп айтты.
Атап айтканда,:
— ушул жылдын аягына чейин 189 кызмат көрсөтүүнү электрондук форматка өткөрүү;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин автоматташтырууга мүмкүндүк берүүчү «Санарип» аймак системасын киргизүүнү жүргүзүү;
— «Коопсуз шаар» долбоору боюнча керектүү тапшырмалар берилди;
— өлкөнү санариптештирүү тармагында мамлекеттик органдарды жөнгө салуу боюнча чараларды күчөтүү;
— санариптештирүү боюнча республикалык штабды түзүү.