No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Пятница, 19.06.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Президент Бакуда Казакстандын биринчи башчысы менен жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын башчысы Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын борборунда түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТТМКК) 7-кеңешмесине катышып жатып Казакстан Республикасынын Биринчи лидери Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма-сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу Баку шаарына учуп келээри менен Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунда өттү.

Кыргызстан менен Казакстандын эки тараптуу кызматташтыгы боюнча пикир алышуу болду.

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланышы жана Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйланышын куттуктады. Орденди тапшыруу эртең, 15-октябрда, ТТМКК жыйынында болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков дагы бир жолу Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, союздаштыкты жана ынак кошуналык мамилелерди орнотууда жана бекемдөөдө Нурсултан Назарбаевдин жеке салымын белгиледи.

Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев кайрадан жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экенин баса белгиледи. Ал мамлекет башчыларынын кызматташууну жана ынак кошуналык мамилелерди тереңдетүүгө багытталган бардык аракеттерин колдой турганын белгиледи.

Жолугушууда эки жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана өнөктөштүктүн түрдүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну күчтөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

ВВП Кыргызстана вырос на 12,2% за пять месяцев 2026 года

18.06.2026
Безопасность

Кыргызстан поддержал мирное соглашение между США и Ираном

18.06.2026
Новости

Фон дер Ляйен предложила ограничить въезд граждан Украины в ЕС – Der Spiegel

18.06.2026
Новости

Последние контакты ЕС и России были лишь кратким обменом мнениями - Politico

18.06.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане планируют построить малую АЭС мощностью 330 МВт

18.06.2026
Кыргызстан

Пожарные машины Кыргызстана не смогут тушить здания выше 22 этажей

18.06.2026
Безопасность

Глава ОДКБ осудил атаку на автобус с детской футбольной командой из Беларуси

18.06.2026
Кыргызстан

Адылбек Касымалиев прибыл в Санкт-Петербург с рабочим визитом

18.06.2026
Кыргызстан

В Бишкеке решили повысить зарплаты водителям автобусов

17.06.2026
Кыргызстан

ГКНБ выявил подделку документов о качестве угля для ТЭЦ Бишкека

17.06.2026
Новости

Экс-пресс-секретарь Зеленского раскритиковала его требования о вступлении Украины в ЕС

17.06.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире