Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов менен жолугушту.
Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жана өлкөнүн жарандарынын жол жана коомдук коопсуздугун жогорулатуу чаралары талкууланды.
Президент жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо алгачкы практикалык жыйынтыктарын бергенин канааттануу менен белгиледи — Бишкек шаарынын эки районунда пилоттук тартипте Патрулдук милиция иштей баштады.
Мамлекет башчысы эксперттик жумушчу топко аткарылган жумуш үчүн ыраазычылык билдирди. Патрулдук милиция системасындагы бош орундарга ачык-айкын конкурс өткөрүп, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо зарылдыгына көңүл бурду.
Пилоттук долбоордун алкагында жаңы бөлүмдүн кызматкерлерин, анын ичинде катардагы жарандардын арасынан тандоо тажрыйбасы жакшы жолго коюлуп калды. Коомчулук конкурстун ачык-айкын өтүп жатышынан эч кандай күмөн санабашы керек. Жарандар патрулдук милиционерлерге ишенип, зарыл учурда алардан коргоо издеши керек, деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Мындан тышкары, мамлекет башчысы кесипкөйлүк, физикалык жана психологиялык даярдыгына көңүл буруп, долбоорду топтолгон тажрыйбаны эске алуу менен мындан ары ишке ашыруунун маанисин баса белгиледи.