Кыргыз Республикасынын башчысы Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн жыйынтыктоочу пресс-конференциянын алкагында Кыргызстандагы инвестклиматты өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер аткарылгандыгын маалымдады.
«Жаңы ишканаларды эки жылдык мөөнөткө текшерүүгө убактылуу тыюу салынды. Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча Бизнес-омбудсмен институту киргизилди. Ошондой эле Бишкекте юридикалык жактарды электрондук каттоо боюнча маалыматтык система ишке киргизилди», — деп белгиледи президент.
Президенттин айтымында, ишканалардын техникалык жабдууларын импорттоо бажы милдеттерден бошотулушкан.
«Бүгүнкү күндө инвестициялардын агып кетиши тууралуу 513,5 миллион долларды түзгөн, анын ичинде инвесторлорго дивиденддерди төлөө маселеси боюнча талкуулар көп. Бирок, өлкөгө келип түшкөн инвестиция көлөмү 577 миллион долларды түзөт. Инвестициялардын агылып келиши менен агылып кетишинин ортосундагы Сальдо оң баланс болуп, 63,3 млн.доллар турат», — деди мамлекет башчысы.
Ошондой эле Кыргыз президенти 2018-жылы чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 38 пайызга жогорулады, ал эми бул жылдын 9 айында түшкөн инвестициялардын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 67,3 пайызга жогорулады. Алардын жалпы суммасы 577 миллион долларга жетти.
«Белгилей кетсем, инвестициялардын 61% ы республиканын региондоруна түштү. Ошону менен бирге экспортту илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Россия Федерациясынын техникалык көмөгүндө 12 14 өткөрүү пунктунда модернизациялоо жүргүзүлдү. Буга 142,5 миллион доллар жумшалган», – деп маалымдады Сооронбай Жээнбеков.