Кыргыз Республикасынын башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Борбор Азияга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин 2-консультациялык жолугушуусуна катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынын борборуна учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Каралып жаткан темалардын тизмесине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө региондук өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелери кирет.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстан, Өзбекстан Республикаларынын президенттери жана Казакстан Республикасынын биринчи лидери Нурсултан Назарбаев катышат.
Отурумдун жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын башчысы Шавкат Мирзиеев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүү пландаштырылган.
Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, мамлекеттик аппарат жетекчисинин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Данияр Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, ошондой эле экономика министри Санжар Муканбетов транспорт жана жолдор министири Жанат Бейшеновдор түзөт.