Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков президенттик администрацияда иштеген кызматкерлер үчүн өткөн “Код сааты” акциясына катышты. “Сорос-Кыргызстан” фонду кабарлагандай, мамлекет башчы өзүнүн жеке программалык кодун жазды. Ал аталган акциянын катышуучуларына кайрылып, өлкөдөгү ар бир бала санариптик келечекке даяр болушу керек экенин билдирди.
“Жасалма интеллект, виртуалдуу чындык жана башка келечектин технологиялары биздин колубузда”, – деген Жээнбеков.
“Код сааты” – компьютер программалары боюнча кесипке жаштардын көңүлүн бурууга арналган бүткүл дүйнөлүк өнөктүк. Ага үгүттөө иштерине Барак Обама, Жастин Трүдо, Марк Цукерберг, Билл Гейтс, Шакира жана башка атактуулар катышып келүүдө. Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева да “Код саатына” катышууга жаштарды чакырган саясатчылардын бири.