Кыргызстандын президенттин аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма-сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Диалог учурунда Кыргызстандын президентинин мамлекетти өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жана үстүбүздөгү жылды — Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыктарынын негизги пункттарын аткарууга көмөк көрсөтүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Эсеналиев биздин өлкөдө балдардын укуктарын сактоодо өкмөт жана жарандык коом тарабынан чараларды колдоо маселелеринде ЮНИСЕФ менен жемиштүү өнөктөштүктү белгиледи.
«Сооронбай Жээнбековдун колдоосу менен өткөн жылы ЮНИСЕФ менен биргеликте «Тумар» балдарына карата зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча өнөктүк ийгиликтүү өткөрүлгөн. Мындан тышкары, Өкмөт интернаттардын санын азайтуу жана үй-бүлөлөргө балдардарды берүү жөнүндө көп иштер жасалды», — деди ал.
Өз кезегинде ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү билдиргендей, анын уюштурулушу жана андан ары балдарды коргоо жана колдоо саясатына көмөктөшүүгө ниеттенип жатат.
«Абдан маанилүү, анткени балдар өлкөнүн өнүгүүсүндө приоритеттүү болуп саналат. Биз бул жолугушуу баланын укуктары жөнүндө Макулдашуунун 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында берилген убадалардын бир уландысы жана аткаруу болуп саналат деп ишенебиз. Биз ар бир бала укуктуу, ал үй — бүлөдө жашашы керек экендигин өзгөчө баалайбыз», – деп билдирди Жольм.
Мындан тышкары, ал ЮНИСЕФ бул багытта натыйжалуу жана конструктивдүү ишмердүүлүктү улантууга даяр экендигин белгиледи.