Башкы прокуратуранын жалпы кызматкерлери жалпысынан 800дүн тегерегинде. Бирок анын жылдык боюджети 600 миллион сомду чапчыйт. Бирок буга карабастан, аталган мекемеге бюджеттен каралган акчадан тышкары да жыл сайын өзүнчө олчойгон каражат берилип келатат.
Өткөн жылы өкмөт Башкы прокуратурага эл көзүнөн “жашырып”, 250 миллион сом которгон. Бирок бул акча билинип калып, коомчулукту катуу нааразы кылган болчу. Быйыл дагы кошумча 100 миллиондон ашуун акча берилгенин депутаттар айтып чыгышты.
Кошумча каражат коррупцияга каршы күрөштөн түшүп жаткан акчанын жалпы көлөмүнүн 30 пайыз экен айтылып келет.
Булак: “Багыт.kg”